Саламатсызбы! Жумурткаларымдын бирөөсүнүн кан тамыры кеңейип, варикоз сыяктуу болуп сыртка чыгып калды. Бул коркунучтуу эмеспи?
// //
Саламатсызбы! Жумурткаларымдын бирөөсүнүн кан тамыры кеңейип, варикоз сыяктуу болуп сыртка чыгып калды. Бул коркунучтуу эмеспи?
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог, сексолог
Саламатсызбы! Эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши бул - варикоцеле оорусу.
Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот.
Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.
Тезинен урологго кайрылыңыз!