Жети айлык кош бойлуумун. Бир айдан бери төшүмдөн сары өңдөгү суюктук чыгып жатат. Бул жакшы эле көрүнүшпү?
// //
Жети айлык кош бойлуумун. Бир айдан бери төшүмдөн сары өңдөгү суюктук чыгып жатат. Бул жакшы эле көрүнүшпү?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, жети айлык боюңузда бар болсо, денеңиз эне болууга даярданып жатат. Энелик сезимиңиз ойгонуп, эмчек бездериңизде ууз пайда болуп, бала эмгизүүгө даяр болуп жатасыз.
Чоочулабай, эмчек бездерин таза кармап, гигиенаны сактап жүрүңүз. Жеңил төрөп алыңыз!