Төрт күн мурун 18 жашка толдум. Бирок, өзүмдүн чөйрөмдөгү балдардан 3-4 жаш кичүү көрүнөм. Арыкмын (47кг), боюм кыска (160см) жана алсызмын. Кичине жумуш кылып же чуркап койсом денемди майда калтырак басып, чарчап калам. Күрөшүп ойноп же көнүгүүлөрдү жасай албайм. Өзүмдү коргогонго да күчүм жетпейт. Эмне кылсам болот? Кайсы дарыгерге текшерилем? Үй шартында дарылансам болобу?