// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Оорумдун айынан жолдошум менен көп урушам. Гинеколог жооп берет

"Билесиңби" жамаатын кызыгуу менен күндө окуп турам. Сиздердин гинекологдон кеңеш алсамбы дедим эле.

Акыркы жылдары көп ооручу болдум. Бирин дарыласам, экинчиси пайда болот. Мунун азыбынан жолдошум менен да көп таарынышам. Жыныстык жагыма ар кандай бүдүрлөр бат-баттан чыгып турат. Мындан сырткары, жумурткаларымдын сезгенүүсүн айыктыра албай жүрөм. Балким ошол себептен боюмда да болбой жатат. Эмне кылышым керек? Башка дарыгерге кайрылышым керекпи? Алдын ала ыраазычылык билдирем. 

Эксперттин жообу
24.01.2019, 09:53

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман, "Билесиңби" менен бирге болгонуңуз үчүн мен да ыраазычылыгымды билдирем. 

Гинекологиялык ооруларды дарылаганда, жуптарды бирдей көрүп, бир учурда дарылоо керек. Жакшы боло албай, улам ооруп калышыңыздын себеби ушунда болушу мүмкүн. Анткени, бири-бириңердин ооруларыңарды жугузуп коюп жатасыңар. Балалуу болуу үчүн, жыныстык оорудан арылуу үчүн күйөөңүз да көзөмөлдөн өтсүн, бирге текшерилип, дарыланыңыз.

Мындан сырткары иммунитетиңизди көтөрүү керек.

Ден соолук каалайм!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт