// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кайсы окуу жайда дизайнерлерди окутат?

Саламатсызбы! 11-класстын бүтүрүүчүсүмүн. Дизайнерликке тапшыргым келет. Кайсы окуу жайлар бар жана ЖРТдан канча бал алып бюджетке өтсө болот? Рахмат! 

Эксперттин жообу
26.12.2018, 09:13

Назира Садыкова

Дизайнер-конструктор

Салам! Дизайнерликти окуу үчүн ЖРТ тапшырып, сүрөт тартуу боюнча экзамен бересиң. Бул адистик КМКТАУ жана Политех университеттеринде бар.

Убакытты текке кетиргиң келбесе курстарга бар. Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
26.12.2018, 09:23

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин (КМКТАУ) кабылдамасы

Урматтуу окурман, биздин университетке тапшырууну кааласаң ЖРТдан 110 балдан жогору алышың керек. Буга кошумча сүрөт тартуу экзаменин тапшырасың. Сынакты ийгиликтүү тапшырсаң бюджеттик орунга илинесиң. Сага ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
21.06.2019, 13:10

Мен 9-классты бутурдум дизайын канструктор болгум келет кандай шартменен окууга тапшыра алам

 

0
Пайдалуу жооп
21.06.2019, 13:14

Кантракпы же бюжетпи билгим келет мен суротту абдан жакшы тартам 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт