Саламатсызбы! Америкага кантип кетсе болот?
// //
Саламатсызбы! Америкага кантип кетсе болот?
Виза алуу процесси
Америкага кетүү абдан кыйын. Себеби виза баарына берилбейт. Мага 3 ирет уруксат бербей коюшкан. Баарынан оңою университеттен толук стипендия утуп алып, студенттик виза алуу.
Жумуш визасын алуу үчүн сиз АКШнын бир окуу жайын бүтүрүп, жумуш берчү ишкана таап, алар сизге виза ачып бериши керек. Жаштарга туристтик виза дагы жөн берилбейт. Бул визаны көбүнчө материалдык жактан абалы жакшы болгон улуу муундар алышат.
АКШнын жарандыгын алуу абдан оор процесс. Эң оңой жолу Американын жараны менен баш кошуу. Анда дагы жарандыкты 5 жылдан кийин ала аласыз. Саясий куугунтук жасап, штатта калып калган көп тааныштарым бар. Бул үчүн өз ишин мыкты билген адвокат жалдаш керек. Ал сиздин жагдайыңызды иликтеп чыгып, ылайыктуу тарых ойлоп таап, саясий кугунтук менен калууга жардам берет. Мындай адвокаттар 10,000-20,000 доллар турат. Дагы бир жолу ар бир жылдын октябрь айында элчиликке жашыл карта алууга арыз жазып, майга чейин жообун күтүү.
Маектешүүгө сөзсүз даярданып барыңыз!
Виза алуу үчүн маектешүү абдан маанилүү. Маектештешүүгө кезек келгенде эч качан толкунданбаш керек. Ишенимдүү жооп берип, берилүүчү суроолорго даяр болуңуз. Интернеттен кандай суроолор берилээрине көз жүгүртүп чыксаңыз болот.
Күн мурун күзгү алдында бир сыйра даярданып алыңыз.
Берген жоопторуңуз сиздин пайдаңызга чечилгендей болсун. Өз өлкөңүзгө байланган жаран экениңизди, үй-бүлөңүз, байлык, мүлктөрүңүз аркылуу көрсөтүшүңүз зарыл. Башкача айтканда, АКШга иммиграция жасабай тургандыгыңызды далилдеп бересиз.
Университетке даярдык
Кантип Америкага окууга тапшырсам болот десеңиз, баары жөнөкөй, болгону убакытты туура пайдаланууну үйрөнүңүз.
8-класстан баштап англис тилин жана математиканы терең окуңуз.
Бүтүрүп жатканда TOEFL жана SAT тестин тапшырып, чет элдик студенттерге стипендия берген 5-6 университетти тандаңыз.
Окуу жайга кирүү эссесин 10-класстан эле жаза баштаңыз. 11-класстын башында Common App аркылуу өзүңүз тандаган университеттерге жибересиз, экинчи жарым жылдыкта кайсы окуу жайга өткөндүгүңүз тууралуу толук маалымат келип калат.
Мен жашыл карта утуп алган, бирок англис тилин билбей туруп Америкага келген бир топ адамдарды билем. Эгерде сиз университеттен толук стипендия алууну кааласаңыз, тилди мыкты деңгээлде билишиңиз зарыл. Эң негизги талап SAT тестинин упайы. Эгерде сизде бул тесттен жогорку упай болсо Гарвард сыяктуу университеттерге тапшырсаңыз болот. Упайыңыз орто болсо кайгырбаңыз, стипендия берген башака университеттер бар.
https://www.niche.com/ сайтына кирип, АКШнын университеттери менен таанышып, аларды бири-бири менен салыштырып көрсөңүз болот. АКШга жолго чыгуу үчүн чет жакага чыкчу паспорт, сиз тапшырган университет жибере турчу I-20 формасы керектелет. Дал ушул форма менен студенттик виза аласыз.
Канча сом керек?
АКШнын университеттеринде билим алуу баасы, жайгашкан шаарына, штатына же сапатына жараша болот. Мен биринчи окуу жайыма жылына 10 000 доллар беришим керек эле. Бул баанын ичине жатакана жана тамак-аш кирчү. Кийинки университетиме жатакана жана тамак-аштан тышкары жылына 21, 000 доллар төлөчүмүн.
Сан Франциского жаңы келгенде айына 3,000 доллар тапчумун. Бул сумманы ай сайын окуум менен жашаган бөлмөнүн батир акысына жана тез-татымдан жарытпаган тамак алып жегениме жетчү. Мындайча айтканда айына батирге 600$, тамак-ашка 300-600$, транспортко ( автобус, метрого) 60-100$ коротчумун. Башында айына 1000$га чыдап жашаса болот, баары өзүңүздүн ыңгайыңызга жараша.
Жумуш маселеси
Студент кампустун аймагында жумасына 20 саат иштегенге укугу бар.
Кампустан тышкары иштейм десеңиз, атайын уруксат аласыз. Ал үчүн сен кембагал, чыгашаларыңды жабуу үчүн кошумча акча керек экенин тастыктап бересиң. Кампуста жумуш көп эмес, суроо-талап сунуштан жогору. Мен кампустун тышында нормадан көп, жумасына 70-80 саат иштедим. Бирок сизге стипендия алганга аракеттенип, көп иштебегиле деп кеңеш берем.
Окуу жайды бүтүргөндөн кийин, АКШда иштеп калуу үчүн тандаган кесибиңиз STEM (Science, technology, engineering, mathematics) тобуна кирсе мүмкүнчүлүктөр көп болот. Каржы жана экономика багыттарындагы кесип ээлерине жумуш аз. Калган кесиптерди айтпай эле коеюн. Менин угушум боюнча жумуш визасын дагы лотореялык ыкма менен беришет экен. Үчөө тапшырса, экөө алат дегендей.
Башкысы баарын учурунда жасап, чыйрак болуңуз!