Мен аскер кафедрасы боюнча сурайын дегем.Эки жыл мурда кафедраны алып салган, эми бизди кайра ал кафедрага чакырып жатат. Ушуну жакшы түшүндүрүп бергилечи азыр барбы же жокпу, анан контрагы канча болот?
// //

Полковник, Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси
Урматтуу окурман. Бизде азыр аскер кафедрасы Кыргыз мамлекеттик Медицина академиясында гана бар. Жакын арада эч кандай иш чаралар уюштурулган эмес. Балким сизди кандайдыр бир документтерге байланыштуу чакыртып жатышса керек. Эч кандай акы алынбайт. Кандайдыр бир суроолоруңуз болсо жашаган жериңизге караган аскер бөлүмүнө кайрылыңыз. Же, Кыргыз республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскерий билим берүү башкармалыгынын телефонуна чалыңыз 0312 66 36 58.