Жигитим аскер кызматкери. Сүйлөшпөй калганыбызга көп болгон. Эми чалып “шермендеңди чыгарам ” деп коркутуп жатат. Өзүмдү кантип коргой алам?
// //
Жигитим аскер кызматкери. Сүйлөшпөй калганыбызга көп болгон. Эми чалып “шермендеңди чыгарам ” деп коркутуп жатат. Өзүмдү кантип коргой алам?
Темирбек Камчыбек уулу
Аймактык инспектор
Урматтуу айым, жигитиңиз өмүрүңүзгө же ден-соолугуңузга зыян келтирсе же опузаласа милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот. “Шермендеңди чыгарам” дегендин өзү эле опузалоо. Колуңузда коркутуп жаткандыгы тууралуу далил болсун. Жашыргандын аркасы жашылыкка алып келбейт! Коркпостон укук коргоо органдарына билдириңиз.