// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Аталык укуктан кантип ажыратам?

Мурунку жолдошум Россияда камакта. Өзүм Кыргызстандамын. Ортодо бир кызыбыз бар. Аны кантип аталык укугунан ажыратсам болот? Камакта деген кагазды кайдан алам? Кызымды кантип өзүмө жаздырып алам? Кеңеш бериңизчи!

Эксперттин жообу
31.10.2018, 16:21

Идаят Токташ

Юрист

Саламатсызбы! Жолдошуңуз Россияда камакта отурганы жөнүндө кагазды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылыңыз. Кайрылууңузга оң жооп келсе, сотко аталык укугунан ажыратуу тууралуу доо арыз жазыңыз. Доо арызга жолдошуңуз камакка алынганы жөнүндө жоопту тиркеп, аталык милдетти аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качып, Россияда жүргөнү жөнүндө жазганды унутпаңыз. Сизге ийгилик каалайм!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт