Турмушка чыкканыма беш ай болду, боюма бүтө элек. Бейтапканага көрүнсөм "полип" бар экен. Гинеколог бойго бүтүрбөөчү дары жазып берди, ичкен жокмун. Эмне кылсам болот?
// //
Турмушка чыкканыма беш ай болду, боюма бүтө элек. Бейтапканага көрүнсөм "полип" бар экен. Гинеколог бойго бүтүрбөөчү дары жазып берди, ичкен жокмун. Эмне кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, "полип" деп диагноз коюлса, жолдошуңуз менен барып дарыгерден кеңеш алыңыз. Полип - инфекциядан, гормоналдык бузулуулардан же бойдон түшүп калганда пайда болот. Дарыланып алсаңыз, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт. Ден-соолукта болуңуз!