Саламатсызбы! Варикоцеле деген кандай оору, сөзсүз операция жасатыш керекпи, кимге кайрылам?
// //
Саламатсызбы! Варикоцеле деген кандай оору, сөзсүз операция жасатыш керекпи, кимге кайрылам?
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог, сексолог
Варикоцеле - эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши. 14 жаштан башталат.
Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот.
Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Бул ооруну өз алдынча аныктоо мүмкүн эмес, себеби симптомдору жок өтөт. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.
Тезинен урологго кайрылыңыз!