// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кайын энем менен жолдошум кандай жаза алат?

Иштебеген, аялын, баласын бакпаган, жакшы мамиле кылбаган, алимент төлөбөгөн, жардам бербей кайдыгер караган, тапкан ташыганын жеке өзүнө короткон эркекке тиги дүйнөдө кандай жаза каралат?

Жаш үй-бүлөгө кийлигишип, ортого от жагып, келинди кемсинткен, "ажыраш" дей берген кайын эне кандай жаза алат? 

Эксперттин жообу
26.10.2018, 11:42

Бактияр Токтогазы уулу

"Фатва" бөлүм адиси

Урматтуу айым, эркек аял алгандан кийин, аны кийинтип, ичинтип, камсыздашы керек. Милдетин аткарбаса күнөөлүү, акыретте жооп берет.

Ата-энелер уул-кыздарына, келиндерине эмнени айтып жатат билиши зарыл. Жөн-жерден туура эмес иштерди жасаса, зулумдук кылган болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт