Эмчектеги 9 айлык кызым бар. Эки күндөн бери көкүрөгүм ооруп, температурам 38º чейин чыгып жатат. Ооруксунган жери кичине катуу жана кызарып турат. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
// //
Эмчектеги 9 айлык кызым бар. Эки күндөн бери көкүрөгүм ооруп, температурам 38º чейин чыгып жатат. Ооруксунган жери кичине катуу жана кызарып турат. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Сүт бездериңиз сезгенип калган. Медицинада муну - мастит деп коёт. Көбүнчө маститке бала эмизип жаткан энелер чалдыгат.
Температуранын көтөрүлүшү, көкүрөктүн ооруксунуп, ар кайсы жерлеринин кызарышы алгачкы белгилери. Убактты өткөрбөй бейтапканага барыңыз. Сизге ден-соолук каалайм!