18 жаштамын. Паспорт ала элекмин. Себеби, ата-энем ажырашып кеткен. Мен атамдын колундамын.
Паспорт алыш үчүн кандай документтер керек болот? 18 жаштан өтүп кетсе эч нерсе болбойбу?
// //
18 жаштамын. Паспорт ала элекмин. Себеби, ата-энем ажырашып кеткен. Мен атамдын колундамын.
Паспорт алыш үчүн кандай документтер керек болот? 18 жаштан өтүп кетсе эч нерсе болбойбу?
Байгазы Бегишов
Юрист
Саламатсызбы окурман! Ата-энеңиз ажырашкан күндө деле сиз паспорт алууга укуктуусуз.
Керектелүүчү документтер:
1. Туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк (түп нуска);
2. Атаңыздын паспортунун көчүрмөсү;
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС);
4. Ата-энеңиздин ажырашкандыгы тууралуу көчүрмө;
5. Жашаган жерден справка;
6. Мамлекеттик алым төлөйсүз.
Сүрөткө паспорт берүү мекемеси тартат. Ийгилик!