Хиджама кылдырса болобу? Денеден кан алдырган туурабы?
// //
Хиджама кылдырса болобу? Денеден кан алдырган туурабы?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, канча жаштасыз? Хиджаманы эмне максат менен кылдырганы жатасыз? Канды тазалатуубу, азайтуубу же кан басымыңызды түшүрүү максатындабы? Эгер каныңыз көп болсо донор болууну сунуштайм.
Кан алдыруу кээ бир учурларда кандайдыр бир ооруларга жардамын берет. Хиджаманы бир эле аспап менен бир нече кишиге кылышы мүмкүн. Демек, оору жугуу коркунучу бар. Эгер стерилденген аспаптарды колдонсо, чечим өз колуңузда. Башкысы максатыңызды жана ким эмне менен кылаарын билиңиз.