// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Агаларыма керегим жок

Өзүмдү бактысыз, жалгыз сезем. Депрессияга көп кабылам. Шаарда жалгыз эле жүрө берем. Ооруканалардын биринде иштеп, 2 окуу жайда окуйм. Өзүмдү өзүм каржылайм.

Үй-бүлөдө 5 уул жана мен. Башымдан аябай оор күндөр өттү. Агаларым мага жардам бермек тургай сурап да коюшпайт. Мен аларга таарынарымды же аларды сагынаарымды билбейм. Байланышпай эле өз оокатымды кылып жүрө берсемби деп да ойлойм. Кээде менин жардамым керек болгондо чалып калышат. Мага ушундай бир туугандар керекпи?

Эксперттин жообу
10.10.2018, 11:19

Бермет Уланова

Гештальт-консультант

Окурман, өзүңүздү жалгыз сезип, кайгырып турганыңыз өкүнүчтүү. Бирок жумуштагы, окуудагы аракетиңизге суктанууга болот. Агаларыңыз менен болгон мамилеңизди жана таарынычыңызды жазып жатасыз. Алар кыйынчылыкта жалгызсырап жаткандыгыңызды билешеби? Бул тууралуу аларга айткансызбы? Мүмкүн кандай абалда жүргөндүгүңүздөн кабары жок. “Бир нерсе керек болсо чалат” дейсиз, сиз дагы жардамга, көңүл бурууга муктаж болгондо, сылык гана алардын керек болуп жаткандыгын айтыңыз.  Бир туугандар менен ишеничтүү, жакын мамиле куруу үчүн убакыт жана аракет керек. Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт