// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Канткенде какачтан арылам?

Какачты кантип кетирсе болот? Кеңеш бериңиздерчи. Шампунь, самын менен жууп көрдүм, кетпей койду. 

Эксперттин жообу
09.10.2018, 11:15

Надира Бейшеева

Трихолог

Урматтуу айым, какач - витамин жетпегенден, ичеги-карын, нерв системасынын иши начарлоодон, чачты жакшы күтпөгөндөн улам келип чыгат. Май аз бөлүнүп чыгып, башты кычыштырат жана чач кургап, кырчылып түшө баштайт. Баштагы майдын көп бөлүнүүсүнөн пайда болгон какач майланышып, саргыч тартып, чач тез кирдейт. Какачы бар адамдарга дарыгердин көрсөтмөсү менен витаминге бай тамак-аш ичип, жакшы уктап, маал-маалы менен эс алуу сунушталат. Какачтын өтө көбөйүшү, баштын терисинин сезгениши, чачтын кырчылып түшүшү айрым оорулардын (микроспория, псориаз, экзема) белгиси болушу мүмкүн. "Низорал" шампунун колдонуп көрүшүңүздү сунуштайм. Болбосо, дарыгерге кайрылыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
02.09.2020, 15:49

Кантип чачты остурсо болот 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт