Сиңдим жайкы каникулда айылдан бит жугузуп келди. Жашы 15те. Сиркелери өлбөй жатат. Эмне кылсак болот?
// //
Сиңдим жайкы каникулда айылдан бит жугузуп келди. Жашы 15те. Сиркелери өлбөй жатат. Эмне кылсак болот?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Окурман, адам стресс болгондо, денеси атайын бир жыт бөлүп чыгарат. Бул жыт биттерди өзүнө тартат. Эмне себептен көбүнчө биттөө күзүндө жана кышында күчөйт дегенде, балдар эс алуудан кайтып келип, сагынычтарын таратуу үчүн бири-бири менен тыгыз байланышта болушат. Эгерде кимдир бирөөндө бит бар болсо, бири-бирине жуктурушат. Арылуу үчүн атайын шампундар, лазердик тарактар бар. Элдик методдордон айта кетсем жумасына эки жолу марал кулак(чемерица) чөбү менен жууп, лаванда, чай дарагынын майын сүйкөп коюу жардам берет.