Банк реквизиттери деген эмне жана алар эмне үчүн керек? Мүмкүн болсо түшүндүрүп бериңиздерчи?
// //
Банк реквизиттери деген эмне жана алар эмне үчүн керек? Мүмкүн болсо түшүндүрүп бериңиздерчи?
ААК "Айыл банк":
Окурман, адам үй сатып алганда ага кандайдыр бир дарек ыйгарылат: көчөнүн аты, үйдүн номери. Достору жана туугандары конокко келе турган болсо, дареги боюнча бат эле таап барышат. Анткени, окшош даректер болбойт. Ошол сыяктуу эле, адам банкка акчасын салам десе, ага банк реквизиттери ыйгарылат (эсеп ачылат). Эгерде ал адам акчасын алып, же тескерисинче толуктай турган болсо, ал сөзсүз түрдө банктагы эсебин, башкача айтканда банк реквизиттерин билиши керек.
Банк реквизиттери төмөнкүлөрдү билдирет:
- өздүк (жеке) эсеп, башкача айтканда, кардарга (юридикалык / жеке жакка) банкта ачылган жөнөкөй банк эсеби;
- банктын корреспонденттик эсеби (башка банкта ачылган банктын эсеби);
- банктын БИК (банктык идентификациялык коду);
- банктын свифт коду (эл аралык банктар аралык маалымат берүү жана төлөмдөрдү аткаруу системасындагы коду).
Төлөм валютасына жараша, эл аралык эрежелерге ылайык, банктын жана кардардын башка маалыматтары кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.