15 жаштамын. Кыздыгымдан ажырасам болобу?
// //
15 жаштамын. Кыздыгымдан ажырасам болобу?
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, 15 жашта кыздык белгиден ажыраса болобу чечимин өзүңүз чыгарасыз. Биринчи кезекте төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
Бул суроолорго кантип гана жооп бербеңиз, бир нерсини билиңиз: мындай мүнөздөгү эрте башталган мамиле түбөлүк сүйүүгө, максатыңыз үй-бүлө куруу болсо анда үй-бүлө күтүүгө алып барбайт. Бардык диндер, түрдүү улуттагы элдердин салттары жеткинчек кыздарды эрте мамиледен, үй-бүлө курууга чейинки жыныстык катнаштан коруп келишкен. Себеби бул нерселер эркек тараптан жек көрүүгө, сый көрсөтпөөгө алып бараарын жакшы билишкен. Интернеттен телегония теориясын окуп көрүңүз, эркектер муну жакшы билишет. Көңүл калуу, стресс, кайгы сезимдерин үмүтү акталбаган кыздардын баары сезет. Идеалдуу түрдө кыз бала кичинесинде атасынын, аял болгондо күйөсүнүн, андан кийин баласынын коргоосунда жашашы керек. Андыктан жаш балдарды жана эркектерди бул нерсеге үйрөтүшүбүз зарыл.
Эгерде сиз баарына даяр болсоңуз жана чоң айымдардын жашоосунда жашайм деп чечим чыгарсаңыз анда өзүңүздөн сураңыз:
Эгерде мунун баарына даяр эмес болсоңуз, анда шашылбаңыз. Чечим өз колуңузда. Чоңдордун жашоосу-бул олуттуу көйгөй. Жаш экенсиз, өз курагыңыздын жыргал жашоосу менен жашай бериңиз. Сизге туура чечим кабыл алууну каалайм.