15 жаштамын. Досторум көп. Мектептен кийин ар кайсы жакка барып, жүрө беребиз. Көп учурда үйгө караңгыда келем. Апам "кеч келесиң" деп уруша берет. Түнгө чейин көчөдө жүрө берүүгө укугум барбы?
// //
15 жаштамын. Досторум көп. Мектептен кийин ар кайсы жакка барып, жүрө беребиз. Көп учурда үйгө караңгыда келем. Апам "кеч келесиң" деп уруша берет. Түнгө чейин көчөдө жүрө берүүгө укугум барбы?
Толекан Исмаилова
Укук коргоочу
Окурман, 15 жашта болгондуктан өспүрүм болуп эсептелесиз. Кыргыз Республикасынын Конститутциясында атайын балдар үчүн кодекс бар. Ал кодекске ылайык сиз 18 жашка чыкканча ата-энеңиздин карамагында болосуз. Эгер сиз менен кандайдыр бир кокустуктар болуп кетсе, ата-энеңиз жоопкерчиликтүү болгондуктан, сиз эмес, алар жоопко тартылат. Апаңыз сизди урушуп, кабатырланып жатканы туура. Андыктан 18ге толмоюн, түнү менен көчөдө жүрүүгө укугуңуз жок.