Саламатсызбы! Кыздын жакшысын эмнесине карап тандаш керек? Кыздарга эч нерсе жакпайт экен.
// //
Саламатсызбы! Кыздын жакшысын эмнесине карап тандаш керек? Кыздарга эч нерсе жакпайт экен.
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, кыздарды жакшы-жаман деп бөлүп караганыңыз туура эмес. Алар бир үй-бүлөнүн кызы, карындашы, эркеси. Ар бир кыздын алган тарбиясы, билими, көз карашы болот.
Тигил же бул критерий менен жакшы кыздарды тапса болот десек жаңылышабыз.
Менде бир суроо пайда болду: эмнеге кыздарга эч нерсе жакпайт деген тыянакка келдиңиз?
Балким сизди курчап жүргөн адамдардын кыз-жигит мамилеси, айтып берген баяндары же өзүңүздүн башыңыздан өткөн окуядан кийин ушундай тыянакка келген чыгаарсыз. Ойлонуп көрүңүзчү, мүмкүн көйгөйдүн баары өзүңүздө. Туура эмес кадамдарды кылып жаткандырсыз. Кандай мамиле кура турганыңызды алгач тактап алыңыз.
Кымбаттуум, эгер сиз адамды жакшы көрсөңүз жакшы-жаман деп бөлбөй, турган турпаты, оң-терс сапаттары менен кабыл алыңыз. Чыныгы сезимге кабылып, бактыңызды тапканга тилектешмин!