17 жаштамын. Бир жылдан бери чылым тартам. Бир тартканда үчтөн өйдө тартып жиберем. Бул адатымдан кантип арылсам болот?
// //
17 жаштамын. Бир жылдан бери чылым тартам. Бир тартканда үчтөн өйдө тартып жиберем. Бул адатымдан кантип арылсам болот?
Лариса Иванова
Жашы жете электерге медика-психологиялык жардам берген борбордун адиси
Окурман, тамекиден өз алдынча арылуу кыйынга турат. Ар бир адамдын организми ар башка болгондуктан, дарыканаларда сатылган чылымдан арылтчу таблетка, пластыр каражаттары жардам бере бербейт. Дарылануу көз карандылык баскычына карата индивидуалдуу жүрүшү керек. Ошол себептүү баш тартууну кааласаңыз, дарыгер наркологго кайрылганыңыз туура болот. Сизди текшергенден кийин дарылоо курсун жазып берет.