// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Курсагым курулдай берет

Ачка болбосом деле курсагым курулдай берет. Сабакта, чогулуштарда баары тынч болуп калган учурларда кычашкансып курулдай берет анда да катуу үн менен. Жанымдагы досторумдун жанында ыңгайсыз болуп кетем. Эмне кылсам болот?

 

 

Эксперттин жообу
14.02.2018, 11:40

Жаңыл Мусамамбетова 

Терапевт

 

Курсактын курулдашына көп себептер бар. Эгерде перистальтика (иче карындын тамак-аш сиңирүүчү түзүлүшү) нормалдуу иштесе, ашказанга түшкөн азыктар сиңирилип, калдыктары сыртка чыгат. Бузуулулар бар болсо курсак курулдашы мүмкүн. Ошондой эле курсактын курулдашына ашказандын ферменттерди иштеп чыгуу функциясынын, өт баштыкчаларынын бузулуусу, зыяндуу микрофлоралардын пайда болуусу сыяктуу көп нерселер таасир берет. Стресс, туура эмес тамактануу же суук тийүүдөн дагы болот. Сиз көбүрөөк таза абада эс алып, кыймылдашыңыз зарыл. Газ чогултуучу тамактарды таттуулар, дандар, ундуу азыктарды колдонбоңуз. Тезинен гастроэнтеролого барып текшерилиңиз. Туура диагноз койгондон кийин гана дарыласа болот. Жөн жүрө берсеңиз күчөтүп аласыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт