// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Стюардесса болгум келет

Мен анча деле сулуу эмесмин. Боюм да орто, бутум кыска анан кичине кыйшыгыраак. Бирок стюардесса болгум келет. Боло аламбы? Ага бир эле каалоо жетишсиз экенин билем. Бирок баары бир багымды сынап көрсөмбү дегем. Сурайын дегеним, Кыргызстанда стюардессаларды окутуучу окуу жайлары барбы жана кандай шарттар керек билип бере аласыздарбы?

 

Эксперттин жообу
13.02.2018, 12:27

И.Абдраимов атындагы авиациялык колледжинин кабыл алуу коммиссиясы 

 

Саламатсызбы, эгерде сиз биздин окуу жайга тапшырууну чечсеңиз, анда бортпроводниктер (стюардесса) үчүн атайын медициналык текшерүү өтөт. Мүмкүн сиз бул текшерүүдөн өтүп кетээрсиз. Келип багыңызды сынап көрүңүз. Кабыл алуу 11-класстын базасында 22-июнда башталат. Окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай. Керектүү документтер аттестат, медициналык №086 жана психоневрологиялык, наркологиялык диспансерден маалымкат, 3*4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт, паспорт, рентгенологдон мурун көңдөйүнүн сүрөтү керектелет. Ошондой эле бул кесипке тапшырып жаткандар кошумча, орус же кыргыз жана англис тилинде сынак беришет.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт