// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Эркелигимдин айынан, келечегим...

16 жаштамын. Чоң атамдардын колунда эрке өскөм. Өзүмдүн ата-энем ажырашып кеткен. Атамдын башка аялы бар. Ал өгөй апам жакшы. Чоң атам менен чоң апам уруша берет. Үйдөн бир-эки жолу качтым. Ошондон улам ачуулуу болуп калдым. Бир нерсе десе эле ачуулана берем. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
04.09.2018, 10:50

Ширин Амантурова

Психолог

Урматтуу суроо берүүчү, кичинеңизден мээримди чоң ата, чоң энеңиз бергендиктен эрке өсүпсүз. Ал эми азыр башыңыздан өткөөл куракты өткөрүп жатасыз. Өспүрүмдөр үчүн мындай сезимдер мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Үйдөн качканыңыздын белгисин “каршылык” деп түшүнсөк болот. Жөн жерден качкан жоксуз, эркелеткендерине карабай сизге болгон кандайдыр бир мамилеси, кылык жоруктары жакпайт.

Сиздердин эң башкы көйгөй – түшүнбөстүк. Баардыгыңыздар шашпай олтуруп, бири-бириңиздерге болгон таарынычтарды, өксүктөрдү ичиңиздерге сактабай айтканыңыздар туура. Эсиңизде болсун, өтө эркелик кийинки турмушуңузга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эмоцияңызды контролдоо үчүн психологдун жардамын колдонуп көрүшүңүздү суранат элем. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт