// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Өз ыктыярым менен балдар үйүнө кетким келет

16 жаштамын. Апам 8 жашымда каза болгон, атам менен байланышпайм. Таенемдин колунда чоңоюп өстүм. Кийинчирээк өз таенем эмес экенин билдим. Күн сайын мени жемелеп, ар кайсы шылтоону айтып урушат. Келечегим алдыда экенин билсем да чыдабай баратам, жашагым келбейт. Өз ыктыярым менен балдар үйүнө кетсем болобу? 

Эксперттин жообу
04.09.2018, 09:44

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Урматтуу окурман, сизди түшүнүп турам. Абал абдан оор экен. Эң негизгиси жалгыз эместигиңизди билишиңиз керек. Сизге жардам берчү адамдар бар.  

Апаңызды жоготконуңуз жашооңуздагы абдан оор этаптардын бири. Ага карабастан баардыгына чыдап келгениңиз чоң эрктүүлүктүн белгиси. Сиз атаңыз менен катташкыңыз келсе ага кат жөнөтүңүз же болбосо айыл өкмөтү аркылуу жардам сурасаңыз да болот. Алдыда жакшы күндөр күтүп турат, ошондуктан капаланбай алдыга болгон пландарыңызды жазып, кайсыл оку жайга барарыңызды тандап, келечекке кадам таштаганга даярданыңыз.

Сизге жардам берчү психологдор жана социалдык кызматкерлер менен байланышыңыз:

Балдарды коргоо лигасынын ишеним телефону 0(312) 66 25 87

Балдар учун ишеним телефону-111 (чалуу акысыз).

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
04.09.2018, 09:48

Назгүл Чоломова

ЭСӨМдүн Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси 

Кымбаттуум, абалыңыз абдан оор экен. Сиздин абалды толук түшүнүү үчүн бериле турган суроолор көп. Эгерде тайенеңиздин үйүндө жашасаңыз, ал сизге кол көтөрүп, үйдөн кууса, жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына же окуган мектебиңиздеги социалдык педагогго, ИДН кызматкерине, жакшысы 111 балдар ишеним телефонуна байланышып, жагдайыңызды айтып бериңиз, чалуу акысыз. Сиз ишеним телефонго билдирүү жасагандан кийин, социалдык кызматкерлер териштире баштайт. Эгерде абалыңыз чынында эле оор болсо, атайын чара колдонулат. Бир нерсени билиңиз, интернатка соттун чечими менен гана жайгаштырылат. Сиз жакшысы 111 номурун терип, балдардын ишеним телефонуна чалыңыз. Сизге жардам бергенге аракет кылабыз.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

Урматтуу суроо берүүчү, сиз 16 жаштасыз, ошондой эле сиздин колуңузда, 9-классты бүтүргөндүңүз тууралуу күбөлүк бар. Балдар үчүн жатак-мектеп 16 жашка чейинки балдарга гана билим берүү кызматын көрсөтөт. Сиз жатаканасы бар кесиптик билим берүү (кесиптик лицей) мекемелерине тапшырууга укугуңуз бар. Сизге ийгилик каалайбыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт