// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Паспорттогу сандарга түшүнбөйм

Кутман күнүңүздөр менен! ИНН деген эмне жана ал паспорттун кайсы жеринде жайгашкан? Көп түшүнө бербейм.

Эксперттин жообу
15.08.2018, 12:52

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! ИНН деген идентификационный номер налогоплательщика, кыргызчага которгондо салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (ИСН). https://salyk.kg/TaxPayer/Info бул шилтемеде кененирээк түшүндүрмөсү бар.

Ал эми паспортто “жеке номер” деп жазылган 14 сандуу номер сиз сурап жаткан ИСН. Бул номерди ЖИН деп да аташат.  Жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда жана ушул мыйзамдын 71-беренесинде  каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.

Мен сизге түшүндүрүп бере алдым деп ишенем! Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт