// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Турмушка чыккандан корком

Менин жашым 21де, 16 жашымда ала качып кетишкен. 3 айдан кийин ажырашып кеттик. Азыркы убакка чейин турмушка чыгуудан коркуп жүрөмүн. Көптөгөн адамдар колумду сурап жүрүшөт. Жакында мага турмушка чыгууга бир адам сунуш кылды. Анын жашы 34тө экен. Ал дагы ажырашыптыр, 3 баласы бар экен. Ажырашканыма бир жыл болду деп айткан. Аялынан сурасам, 2017-жылы жайында кол кармашып түшкөн сүрөтүн жөнөттү. Кандай ойлойсуз ошол адамга турмушка чыксам кандай болот? Баарысы эле жашы өтүп калса уруша баштайсыңар деп жатышат. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
12.02.2018, 09:10

Тамара Воронцова 

Психолог

Эгерде жигит кызды ала качып кетсе, бир мүнөт да ал жерде калбай кетип калуу керек. Себеби ал кылмышкер, алсыз жана өзүнө ишенбеген адам. Үй-бүлөнү эки тараптуу сүйүү болгондо гана куруу керек. Мен ала качуу жолу менен баш кошкон бактылуу үй-бүлөнү кездештире элекмин. Алсак жигит тааныбаган бир кызды ала качып алса, ал отуруп калып, өмүр бою аны менен жашоого макул болсо, ал баары бир мени ала качып кетпесе жашоом башкача болуп, бактылуу болоор элем деген ойлор менен жашап өтөт. Жаңы жигитиңиз туралуу сиз баарын жазыптырсыз. Бирок эң негизгиси ортоңордо сүйүү барбы же жокпу белгисиз калыптыр. Бул эң маанилүү нерсе. Болбосо сиз жалгыздыктан коркуп, талапкерлер жок болгону үчүн тезирээк турмушка чыгууну каалап жатасызбы? Эгерде мындай болсо анда шашпаңыз, сиз сөзсүз түгөйүңүзгө жолугасыз.

Ал кишиден ажырашууга эмне себеп болгондугун билиңиз. Жакшы күйөдөн үч баланы таштап эч ким ажырашпайт. Анын, дос-туугандарыңыздын пикирин угуңуз. Ортодогу жаш айырмачылык сүйүү болсо, эч кандай тоскоолдук кылбайт. Эгерде сиз ага турмушка чыгууну чечсеңиз, анда анын балдары түбөлүккө сиздер менен болоорун эстен чыгарбашыңыз керек. Ал тапканынын жарымын аларга берет, окутат, турмушка узатат дегендей. Ортоңордо бала пайда болгондо дагы бул нерсе токтоп калбайт. Андыктан жакшылап ойлонуу керек. Айта кетүүчү нерсе эгерде жигит үйлөнө элек жана баласы жок болсо дагы бактылуу болосуң деген дагы нерсе жок. Ортодогу жаш айырмачылык бактылуулуктун көрсөткүчү эмес.

Кандай болгон күндө дагы, жакшылап ойлонуш керек, эң негизгиси сүйүү экенин унутпаңыз. Анан дагы башка жигиттерди байкаштырып көрүңүз, мүмкүн бирөөсү бардыр. Азыр тандоону өзүңүз жасайсыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт