// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Мени сатып жиберишпейби?

Америкага барып иштеп келсемби дегем. “Загранис” деген компания визаны жана авиабилетти өздөрү бүтүрүп, кийин айлыгымдан кармап калат экен. Англис тилин билүү маанилүү эмес дейт. Аларга ишенсем болобу же барганда сатып жибериши мүмкүнбү?  

Эксперттин жообу
01.08.2018, 09:38

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, “Загранис” деген компания Кыргызстандын юридикалык каттоосунда жок. Zagranis.com деген сайт Украина Республикасынын Киев шаарында каттоодо экен. Демек, бул компания өзүнүн ишмердүүлүгүн Украинадан жүргүзөт.  Биздин мекенибизде юридикалык каттодон өткөн, өзүнүн ишин мыйзам чегинде алып барган компаниялар бар. Аларга кайрылып, келишим түзүп алып, иштешүүңүздү сунуштайт элем. Башка өлкөнүн ишке орноштуруу компаниясы сатып жибереби, жибербейби аны айтуу кыйын.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт