Менин 5 айлык кызым бар. Кайра 6 жумалык боюмда болуп калды. Боюмдан алдырсамбы дегем. Бирок, бойдон алдыруу төрөгөндөн да жаман дешет. Аябай кыйналып токсикоз болуп жатам. Кандай жол менен алдырсам болот?
// //

Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, туура айтасыз. Түйүлдүктү алдыруу, төрөгөндөн да жаман. Кандай жол менен алдырсаңыз да көйгөйлүү. Мүмкүн болушунча жакындарыңыздын жардамы менен балаңызды эмчектен чыгарып, токсикозду дарылаңыз. Ден-соолугуңуз жакшы болгондо, дарыгердин жана үй-бүлөңүздүн кеңеши менен маселени чечиңиз. Кандай жол менен жардам беришти сизди көзөмөлдөп жаткан дарыгер-гинекологуңуз билет.