Досумдун мүчөсүнөн бир айдай заара кылгандан кийин уруктукка окшош суюктук чыгып, андан кийин кычыша турган болуптур. Азыр болсо бат-баттан дааратканага барып, сыкса кан чыгып жатыптыр. Эмне кылса болот?
// //

Нурлан Эгетаев
Уролог
Урматтуу окурман, досуңуз тезинен дарыгерге кайрылып жыныс инфекцияларына анализ тапшыруусу керек. Жыныстык мүчөдөн кандын чыгышына себептер абдан көп. Мисалы: ооруну жаратуучу микробдордун кирип кетиши, аномалия, жаракат алуу жана рак илдети. Демек, мындай учурга көз жумуп коюуга болбойт.