Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жолдошум жүрөккө тийчү сөздөрдү көп айтат

Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Ортобузда 1 кызыбыз бар. Сүйлөшүп жүргөндө эле көп урушчубуз, азыр дагы пикирибиз келишпейт. Ажырашуу жолунда турам. Жолдошум жүрөккө тийчү сөздөрдү көп айтат, айткандарына маани бербей сүйлөй берет, корс мүнөз, үй-бүлөлүк маселеде дагы кеңешпейт. Кеңешип иш кылалы десем “кечке эле айта бересиң, дагы баштадыңбы” деп айткандарыма маани бербейт. Күйөөмдүн мүнөзү оңолобу? Ажырашып кетсемби?

Эксперттин жообу
A
Asel
04.07.2018, 11:55

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, биздин мыйзамдарга ылайык ар бир адам жубайын эркин тандоо укугу бар. Сиз сүйүүнүн негизинде, өз эркиңиз менен  баш кошкон экенсиз. Айтымыңызга караганда, жолдошуңуз тараптан кош көңүл мамилеге, психологиялык зомбулукка кабылып жаткандайсыз. Зомбулуктун мындай түрлөрү үчүн дагы администрациялык айып пул каралган, ал үчүн өзүңүз жашаган аймактагы милициянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылсаңыз болот. Болбосо, жолдошуңуз менен жай олтуруп, мындай мамиленин себебин тактап, ачык сүйлөшүп алыңыз. Бул улана берсе, ал физикалык зомбулукка айланып, кийин балдарыңыз дагы жабыркашы мүмкүн. Ар бир бала дени сак, ынтымактуу үй-бүлөдө чоңоюшу керек экенин билиңиз.

Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт