// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Тайкем мага асылды

20 жаштамын. Мен төрөлгөндө атам менен  апам студент экен. 7-классыма чейин тайларымдын колунда өскөм. Бир аз чоңоюп акыл-эсиме кирип калган убакта, таенем менен таятам үйдө жок эле.  Тайкем “бекинип ойнойбуз” деп тийишкен. Зордуктаган эмес, кармалып бир нерселерди кылган. Ошол убакты эстесем азыр  коркуп кетем. Өзүм кудайга шүгүр жакшынакай кызмын. Жакында  үйгө куда түшүп келишти. Жигитти тааныйм, жакшы окуган бала.  Бирок апама тайкем мага тийгенин айтсамбы деп ойлоп жатам. Эмне кылсам болот, тайкемдин жоругун айтайынбы же жокпу?

Эксперттин жообу
03.07.2018, 12:09

Тамара Воронцова 

Психолог

Кымбаттуум, башыңыздан өткөн окуяны эч кимге, өзгөчө болочок күйөөңүзгө айтуунун кереги жок. Эгерде ага айтып койсоңуз, сиз жана туугандарыңыз тууралуу жаман ойлоп калат. Айткандарыңыз чын болсо дагы, тастыктап бере албайсыз. Таякеңиз болсо-андай болгон эмес, ал сиздин фантазияңыз деп кутулат. Туугундарыңыз бири-бири менен урушуп кетишет. Бул боюнча иш козголбойт. Жакшысы психологго кайрылып, өткөндөрдү жаман түш сыяктуу унутуп, кечиргенге аракет кылыңыз. Турмушка чыгып, бактылуу болуңуз! Мен сизге ишенем!

 

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Таякеңиз ошол кездерде  сизге карата ыплас сексуалдык аракеттерди жасаган экен. Бул кылмыш-жаза кодексинин "Ыплас аракеттер" деген 133-беренесине ылайык жоопко тартылат. Бирок, азыр жоопко тартуу мүмкүн эмес, себеби мөөнөтү эскирип кеткен.  Экинчиден сиз ал кезде өспүрүм кыз болгонуңузга байланыштуу окуя жөнүндө эч далилдер жок. Окуяны апаңызга азыр айтуу же айтпоону өзүңүз чечиңиз. Бирок, анын баарын кайрадан эстөө сизди психологиялык жактан жабыркатышы мүмкүн. Бактыга жараша кыз бойдон экенсиз. Эң жакшы жолу ошол кездеги психологиялык жараттан арылуу үчүн турмушка чыгаар алдын сөзсүз түрдө психологго кайрылып коюңуз. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт