// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кыздарга жакпайм

Өзүм музыкалык колледжде окуйм. Окуумда баары жакшы, бирок сүйүү жагынан көйгөй бар. Жашым 21де. Кыз жандап көргөн эмесмин. Мени эч ким жактырбайт. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
07.02.2018, 11:10

Тамара Воронцова

Психолог

 

21ге толгон жаш жигит, башка өлкөлөрдө бой жеткен, чоң адам болуп эсептелинет. Сиз башталчу жолдун эми гана башында турасыз. Өзүңүз үчүн төмөнкү суроолорго жооп бериңиз.

  • Өзүңүзгө жагасызбы?
  • Өзүңүзгө жакпаган кайсы жериңиз бар?
  • Өзүңүздү өзгөрткүңүз келеби?
  • Мүңөзүңүздөгү эң жакшы белгини таап чыгыңыз

Ал эми бул өзүңүздү өнүктүрүүгө керек болчу программа. Мисалы: жагымдуу жылмайганды, жылуу учурашканды, сөз баштаганды, аны улантып кеткенди жана этикеттин эрежелерин үйрөнүп, жеке стилиңизди табыңыз. Бул башталышы үчүн гана. Андан кийин, китеп окуңуз. Дейл Карнегинин “Кантип досторду тапса болот” деген жана башка кызыктуу китептери бар. Булар өнүгүп, өсүүгө сөзсүз түрдө жыйынтык берет. Эгерде болбой эле сизге кыйын болуп жатса психологго кайрылыңыз, ютубдан видео тренигдерди таап көрүңүз. Ийгилик каалайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт