Менин жашым 22де, жолдошум менен жашаганыма 2 жыл болду. Бирок боюмда болбой жатат, гинекологго текшерилсем “детская матка” деди. Ушундай да болобу?
// //
Менин жашым 22де, жолдошум менен жашаганыма 2 жыл болду. Бирок боюмда болбой жатат, гинекологго текшерилсем “детская матка” деди. Ушундай да болобу?
Токтобүбү Мадиева
гинеколог
Албетте, “детская матка” деген жатын жетиле элек деген сөз, бул гормондордун жетишсиздигинен болот. Азыркы медицинанын жетишкендиги менен бул коркунучтуу деле эмес. Сен эгер айыл жергесинде болсоң, шаарга келип текшерил. Биринчи гормондоруңду текшеришет, анан ошого жараша жатынды гормон менен дарылап өстүрөт. Андан кийин төрөгөнгө болот.