// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жигиттер мени таштап кетишет

Эмне себептен жигиттер менен мамилем көпкө созулбайт? Кыз-жигит болуп сүйлөшөбүз. Бирок мамилебиз бат эле токтоп калат. Башка кыз таап мени таштап кетишет. Эмнегедир дайыма ушундай.

Эксперттин жообу
11.06.2018, 10:22

Тынчтык Бакытов

Психолог

Урматтуу айым, сиз билгендей, мамиле курууда же кыз-жигит болуп сүйлөшүүдө ар бир инсандын тандоого укугу бар. Башка адамды таңуулап, кыйноо менен мамиледе болуу туура эмес көрүнүш. Сиздин суроого ыкчам түрдө жооп берүү үчүн менде маалымат аз болууда.

Менден сизге суроолор:

  • Мамиле бат эле токтоп калат дегенде сиз канча убакытты айтып жатасыз? Канча күн, ай, жыл?
  • Жигиттер менен мамилеңиз токтогонун кантип түшүнөсүз? Алар сизге өздөрү айтышабы же сиз өзүңүз ой-жүгүртүп чечим чыгарасызбы?
  • Кыз-жигит болуп жүргөндө өзүңүздү кандай алып жүрөсүз? Кызганасызбы же сизди көбүрөөк кызганышабы?
  • Өзүңүз кандай ойлойсуз: эмне үчүн мамилелериңиз көпкө созулбайт?

Ар дайым сиздин суроолоруңузга жооп бергенге даярмын!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт