Балам 3 жашта. Жолдошум балабыз төрөлгөндөн бери каралашкан эмес. Бизде нике күбөлүгү жок. Алимент өндүргүм келет. Эмне кылсам болот?
// //
Балам 3 жашта. Жолдошум балабыз төрөлгөндөн бери каралашкан эмес. Бизде нике күбөлүгү жок. Алимент өндүргүм келет. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу айым, алимент алуу үчүн сиз жашаган жериңиз боюнча сотко арыз менен кайрылыңыз. Арызыңыз туура берилген болсо, сот кайрылууңуз боюнча жолдошуңузду чакырбай эле үч күн ичинде буйрук чыгарып берет. Андан соң, жолдошуңуз жашаган жердеги сот аткаруучуларына алимент өндүрүү арызын жазасыз. Ошол арызыңыздын негизи боюнча сот аткаруучулар алимент өндүрүүнү баштайт.
Кошумча суроолор пайда болгон болсо, сизге акысыз жардам берүүгө даярмын. Байланыш номеримди редакциядан алсаңыз болот.