AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет

Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Дерматолог Бакыт Курманалиева псориаздын себептерин, белгилерин жана дарылоо жолдорун Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Себептери

Псориаз бул өнөкөт оору. Анын так себеби азыркы күнгө чейин аныктала элек. Эмнеден улам пайда боло турганын түшүндүргөн бир нече теория бар.

  1. Инфекциялык оорудан кийин өтүшүп кеткенде пайда болот
  2. Катуу стресске кабылганда, нерв болгондон кийин пайда болот
  3. Организмдин зат алмашуусу бузулганда
  4. Тукум кууйт. Атасы же энеси ооруса балага да өтөт.

Белгилери

Псориаз мезгил-мезгили менен пайда болуп, бир учурда күчөп, кийин кайра азайып калат. Көпчүлүк учурда кышкысын жана жаз айларында күчөйт.

Азайып калганда ремиссия учуру — деп аталат. Ремиссия мезгил аралыгы ар кимдики ар кандай болот. Айрымдарыныкы бир жылда бир кармаса, башкалардыкы 2-3 айда бир болуп турат. Айрымдардыкы ремиссия учуру 10 жылга чейин созулат.

Ремиссия – оорунун убактылуу басаңдашы, азайышы, белгилеринин төмөндөшү.

Клиникалык сүрөттөмөсү:

  • өңү кызгылтым (розовый)
  • формасы тегерек
  • ортосу сууланып кийин какачтанып турат, кычышат
  • жаралар жарылып канайт
  • майдалары биригип, бир чоң жарага айланат

Жайгашкан жерлери:

  • чыканакта
  • тизеде
  • чачтын арасында
  • күчөп кеткенде толугу менен денеге тарайт.

Псориаз организм үчүн чоң коркунуч жаратат. Өтүшүп кеткенде сөөк оорусуна айланып, адамдын денеси шишип кетет. Тери бүтүн эле кызыл болуп калат — бул оор формасы.

Псориаздын бир нече стадиялары бар:

  1. Прогресс стадиясы. Оорунун пайда болушу жана күчөшү.
  2. Стационардык мезгил. Бул учурда оору бир калыпта өтүп, жаңы элементтер пайда болбойт.
  3. Регресс стадиясы. Оору азайып, жаралар жоголот (бирок бул айыкты дегендик эмес). Оорунун элементтери баштан ылдыйды түшүп, азаят.

 

Дарылоо

Белгилүү бир препараттардын атын атай албайм. Себеби интернеттен окуп алып өз алдынча дарыланган адамдар көп.

Ар бир адамдын организминин өзгөчөлүктөрүнө, жаш курагына ж.б. жараша индивидуалдуу дарылануу жазылат. Ошондуктан белгилүу бир препараттар жазыла турган тизмек жок. Бир адамга бир мазь жараса, экинчисине ал такыр жардам бербейт, кээде күчөтүп да жибериши мүмкүн.

Тери оорулары ички патологиялардан улам пайда болот. Ошондуктан бейтап толугу менен текшерүүдөн өтүп, анализдерди тапшыргандан кийин, комплекстүү дарыланат.

Дарыгерлерге көпчүлүк учурда псориаз өтүшүп кеткенде, оор абалга жеткенде кайрылышат. Элден суранарым, өз алдынча үй шартында дарыланбагыла. Ар ким берген кеңештерди жасап, өзүңүзгө же жакындарыңызга эксперимент жасабагыла.

Тилекке каршы бул оорудан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн эмес. Псориаздын рецидив боло турган учуру каалаган мезгилде кайталанат. Ошондуктан бейтап дерматологдун көзөмөлүндө болууга тийиш.  

Рецидив – оорунун кайталанышы, кайра кайтып келиши.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жолдошум туугандарыма акча салбайсың

Жолдошум туугандарыма акча салбайсың, деп уруш чыгарат. Кандай кылышым керек?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.