Улуттук госпиталдын алдындагы урология борборунун дарыгери Канатбек Казымбеков простатиттин белгилери жана дарылоо жолдору жөнүндө айтып берет.
Простатит — 25-30 жаштан 45-50 жашка чейинки эркектердин жыныс безинин сезгениши.
Себептери
Простатиттин өнүгүшүнө организмдеги инфекциялык оорулар түрткү болот. Мисалы, эркек өздүк гигиенаны сактабаса, инфекциялар заара түтүкчөсүнүн каналында калып калат. Кийин суук тийгенде, стресс болгондо же кандайдыр бир башка себептерден улам оору күчөп простатитке айланат.

Белгилери
- Жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт
- Бат-баттан заара ушатат
- Каналдын ичи ачышат
- Табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт.
Дарылоо жолдору
- Жыныс безинин чукул сезгенишинен улам пайда болгон курч простатитти консервативдик жана операциялык ыкмалар менен дарылайт.
- Тубаса простатитте антибиотиктер, ийнелер жана физикалык дарылоо колдонулат.
Алдын алуу
Простатитти алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоо керек! Өз алдынча дарыланууга тыюу салынат. Белгилери байкалса дароо урологго кайрылуу кажет. Болбосо, жыныс алсыздыгына же тукумсуздукка алып келет.







