AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Презервативди шымыңыздын чөнтөгүнө сактабаңыз. Корголгон жыныстык катнаш жөнүндө

Презервативди шымыңыздын чөнтөгүнө сактабаңыз. Корголгон жыныстык катнаш жөнүндө

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Өз ден соолугуңду сактоо жана коопсуздугуңду камсыздоо ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялардан
(ЖКАЖИ) жугузуп алуу үчүн бир эле жолу корголбогон секс жетиштүү.

Корголгон жыныстык катнаш силердин мамилеңерге ишеним берет жана жакындыктан ырахат алууга шарт түзөт. Анткени, бойго бүтүп калат же инфекциялык оору жугузуп алам деп кабаатыр болбойсуз.

Коопсуздук – биринчи орунда

Эгер өнөктөшүңүз менен секс тууралуу сүйлөшкөндөн тартынып жатсаңыз, алгач коргоо каражаттары жөнүндө сөз баштаңыз. Сиз үчүн бул маанилүү экенин билдирип, өз оюңузду каалооңузду билдириңиз. Өнөктөшүңүздүн да пикирин сураңыз. Эсиңизде болсун, коопсуздук – биринчи орунда.

Коргонуу – демек ар дайым өзүңө ишенимдүү жүрүү

Ар дайым өзүңүздүн коопсуздугуңузду коргоңуз. Мамиле жаңыдан башталганда да, тааныш болгонуңарга көп убакыт өтсө да. Өнөктөшүңүз, ишенимдүү, жакшы адам көрүнүшү мүмкүн. Бирок сактыкта кордук жок. Адамдын сырткы келбетинен жана жүрүм-турумунан ВИЧ оорусунан же ЖКАЖИ менен жабыркаганын аныктоого болбойт.

Презерватив колдонуңуз

Эң туурасы, жөнөкөйү жана жеткиликтүүсү – бул презерватив. Презерватив үч тараптуу коргонууну камсыздайт. Ал сизди жана өнөктөшүңүздү

  • ВИЧтен;
  • Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциядан
  • планга кирбеген кош бойлуулуктан сактайт.

Презерватив ишенимдүү коргонуу

Өнөктөшүңүз “менде ВИЧ жок, жыныстык оорулар менен оорубайм” деп айтканын чындык катары кабыл алган болбойт. Ал өзү да ооруп жатканын билбеши мүмкүн. Өнөктөшүңүз тест тапшырып, анализдери “инфекция жок” деп чыккандан кийин гана ишенсеңиз болот.

Презервативди ар дайым жана туура колдонуу зарыл

Презерватив ишенимдүү каражат болуп саналат эгер сиз аны ар дайым жана туура колдонсоңуз. Туш келген учурда, бирде колдонуп, бирде унутуп койгон болбойт.

Презерватив жыныстык жашоого шаң кошот

Учурда презервативдин түрлөрү көп. Жагымдуу жыттанган, ар кандай түстө, түрдүү өлчөмдө, эркек жана аялдар үчүн деп бөлүнөт. Презерватив жөнүндө сүйлөшкүлө, тамашалашкыла, аны кийүүнү эротикалык оюнга айландыргыла.

Презерватив ар дайым жеткиликтүү

Презерватив көпчүлүк дарыканаларда жеткиликтүү баада сатылат. Аны колдонбой коюп жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан жана анын кесепитенен дарыланып, убакыт, каражат жана ден соолук короткондон көрө, презерватив алып койгон алда канча ыңгайлуу.

Эсиңизде болсун!

  • Көчөдө, базарда, киосктордо сатылган презервативдер менен колдонгон болбойт.
  • Сатып алганда сөзсүз жарамдуулук мөөнөтүн жана таңгактын герметикалуу болуусуна көңүл буруңуз.
  • Презервативди шымдын чөнтөгүндө же сумкада сактаган болбойт. Андан көрө шкафтын тартмасына салып койгон оң.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Редисканы кызылча деп күлкүгө калбайсызбы? Кыйындар үчүн тесттен өтүңүз

Редисканы кызылча деп күлкүгө калбайсызбы? Кыйындар үчүн тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.