Саламатсызбы. Биз жубайым экөөбүз жаңы үйлөндүк. Азырынча балалуу болууну пландабай туралы, деп чечип, презерватив менен кошулуп жүрдүк. Кийин келинчегим цистит болуп калды. Беш ай ооруду, дарыланып бүтүп анализдерди тапшырды. Азыр буюрса жакшы.
Биз ойлоп жатабыз, презервативдин мөөнөтү өтүп кетиптир болчу, ошондон улам ооруп калган окшойт деп. Презерватив менен кошулгандан цистит болушу мүмкүнбү?







