POS-терминал — банктык төлөм карталары боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн түзүлүш.
POS-терминал аркылуу карта менен төлөгөндө: каражат сиздин карта эсебиңизден сатуучунун эсебине которулат.
Эки тарап үчүн бир катар артыкчылыктары бар.
Кардар үчүн — ыңгайлуу төлөө методу, накталай акчаны алып жүрбөйт, чыгымдарын көзөмөлдөй алат жана эң маанилүүсү — коопсуздук, акчаны жоготуп алуу коркунучу азаят.
Сатуучу үчүн – сатуу көлөмүн жогорулатуу, төлөмдөрдү банктык төлөм карталар менен жүргүзүүнү артык көргөн жаңы кардарларды тартуу, эсептеги акча каражаттарын эсепке алуу жана акчаны кассада сактоо тобокелдеринин кыскарышы.

ААК «Айыл Банк» POS-терминал орнотуу үчүн кызмат көрсөтөт. Кааласаңыз банктын сайтына кирип онлайн арыз толтуруңуз же түз эле банкка кайрылыңыз.







