Насыя алуучуга кепилдик берүүчү деген ким? Кепилдикке макул болуудан мурун эмнени билүү маанилүү? Бул тууралуу ААК “Айыл Банктын” насыялар бөлүмүнүн жетекчи адиси Жаныбек Дөөлөткелдиев айтып берет.
Кепилдик берүүчү – банктан насыя алып жаткан адамга кепилдик бере турган адам.
Кепилдик берүүдөн мурун буларды билип алуу зарыл:
- Тааныштарыңыз кепил болуп берүүнү өтүнсө, алына турган карыздын өлчөмү, мөөнөтү, пайыздык чени жана башка шарттары жөнүндө толук маалымат алыңыз. Болбосо, кийин аны төлөп берүүгө аргасыз болуп калышыңыз мүмкүн.
- Насыя алуучуга толук ишенсеңиз гана макулдук бериңиз.
- Кепил болгуңуз келбесе, ар кайсы шылтоону айтпай, бул милдетти аркалай албай турганыңызды ачык билдириңиз.
Кепилдик берүүнүн коркунучтары:
- Кепилдик берүүчү менен банктын ортосунда кепилдик келишими түзүлөт. Келишимдин негизинде кепил болуучу адам карыз алуучу сыяктуу эле банк алдында жоопкерчилик тартат.
- Насыя алган адам карызын төлөй албай калса, мыйзам боюнча банк кепил болгон адамдан насыяны кайтарып берүүнү талап кылат.
- Карыз алган адам качып кетиши ыктымал же башка толтура карыздары бар болушу мүмкүн.







