AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Переходный возраст” деп эмнени айтат? Ал кандай болот?

“Переходный возраст” деп эмнени айтат? Ал кандай болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Менин жашым 16да. Маанайым тез-тезден өзгөрүп турат. Бир көргөн адамды, же болгон окуяны кечке ойлоно берем. “Переходный возрастта” ушундай болобу? Бул тууралуу кененирээк айтып бергилечи. Алдын ала чоң рахмат.

*****

Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын. Таенемдин колунда өстүм. Азыр мектепте окуйм. Өзүмдүн мүнөзүмө, кылык-жоругума түшүнбөйм. Оңолоюн дейм, бирок чыдабайм. Кичине нерсеге эле ачууланып, кыйкырчу болдум. Эмнеге мындай болуп жатат?

*****

 

Саламатсызбы. Мен кеңеш сурайын дедим эле. Жашым 17де. Быйыл мектепти бүтүрөм. Сабакка эч көңүлүм жок, үй жумуштарын жасагым келбейт. Сөз көтөрө албай, майда нерсеге тез эле ачуулана турган болдум. Кантип өзгөрөм кеңеш бергилечи?

*****

 

Bilesinbi.kg сайтына ушундай каттар көп келет. Өспүрүм курак деген эмне? Ал учурда кандай өзгөрүүлөр болот? Жана өзүңдү кантип түшүнүү керек деген суроолорго психолог Мария Самсонова жооп берди.

Өспүрүм курактагы кризис деген эмне?

Өспүрүм курактагы кризис – бул балалыктан чыгып, чоң адамга айлануу процесси. Ал учур 11 жаштан 17 жашка чейинки мезгил аралыкка туш келет. Бирок, бул жалпы нормалар. Ар бир адамдыкы индивидуалдуу болот.

Өспүрүмдөр биринчи кезекте өзүнүн ким экенин түшүнүп, билгиси келет. Жеке пикирин билдирүүгө умтулуп, көз карандысыз болууга шашылат. Өз алдынча ойлонгон, өз алдынча чечим кабыл алган инсан экенин өзүнө да, айланадагыларына да далилдегиси келет.

Ата-энесинин идеалдуу эмес, кемчиликтери бар, айрым учурда алсыз экенин түшүнө баштайт. Ата-энелер үйрөткөн/таңуулаган баалуулуктарды, принциптерди, багыттарды электен өткөрүп, башкача кабыл алып, башкача көз караш менен карай баштайт.  

Мүнөздөгү кескин өзгөрүштөр

Бейкапар балалыктан чыккан өспүрүмдөр өз алдынчалыкты эңсешет. Бирок, ал тууралуу кеп кылуу али эрте. Себеби, алар жетилип бүтө элек. Азырынча эмоционалдык жактан да, материалдык жактан да ата-энесинен көз каранды.

Бул учурда жасаган иштериң үчүн жоопкерчилик, ошол эле учурда коркуу сезими пайда болот. Кайсы кесипти тандайм? Келечекте ким болом? Менин жашоом кандай өтөт? Мектепти бүтүргөндөн кийин эмне кылам? Ушу сыяктуу суроолор тынчтык бербейт.

Өзүңө болгон ишеним азайып, же болбосо таптакыр жоголуп кетет. Ар бир сөзүң, кыймыл аракетиң үчүн күмөн санап турасың. Ар бир кадамыңды миң жолу анализдеп, ийне жибине чейин иликтеп, өзүңдү ичиңен жемелемей адат пайда болот.

Бул учурда, өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү көк бет, түнт, айланадагыларга жана өзүнө ашыкча сынчыл, агрессивдүү, чын тийбес болуп калат. Болуп жаткан окуяларды негативдүү кабыл алат. Бүтүндөй дүйнө жүзү ага каршы тургандай сезилет. Ата-энесине, мугалимдерине орой мамиле кылышы мүмкүн.

Эмне үчүн мындай болуп жатат?

Өспүрүм бала жашоодогу өз ордун табууга далалат кылып жаткан кези. Бир эле учурда эки эмоцияга кабылышы мүмкүн. Бир туруп, адамдар менен сүйлөшүп, ачык айрым болгусу келет, бир туруп, баарынан жашынып алып, эч кимди көргүсү да, сүйлөшкүсү да келбей калат. Мындай жүрүм-турум организмдеги гормоналдык фондун өзгөрүшүнө байланыштуу.

Ошондой эле, өспүрүм бала жетилип, карама-каршы жыныстагыларга кызыгуусу пайда болот. Биринчи махабат, кыз-жигит болуу, чыныгы достук.

Жогоруда айтылган факторлордун бардыгы маанайдын тез-тез өзгөрүшүнө себепкер. Бул нормалдуу нерсе, болгону убакыт керек.

Бирок, ар дайым маанайы пас, алсыз, мурда ырахаттанып жасаган ишин кылууга көңүлү жок, достору-курбулары менен сүйлөшкүсү келбей, уйкусу бузулуп, тамактануусу начарлап кетсе, анда доктурга, психологго кайрылуу керек.

Урматтуу өспүрүмдөр, жардамга муктаж болуп турсаңар, чондорго кайрылуп, жардам суроодон тартынбагыла.

Өспүрүм курактагы кризис – бул өспүрүмдүн өзү үчүн да, анын ата-энеси үчүн да өтө оор мезгил.

Болгону сабырдуулук керек. Убакыттын өтүшү менен бардыгы кайра калыбына келет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Коммуналдык кызматтарга акы төлөөнүн 4 жолу

Коммуналдык кызматтарга акы төлөөнүн 4 жолу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.