Саламатсызбы. Сурайын дегеним, патруль кызматкерлери эч кимге тийишпей, жөн эле кетип бараткан кызуу адамды кармоого укугу барбы? Бүгүн соо эле болчумун, жумуштан кийин аябай чарчап үйгө кетип бараткам. Патруль милиция штабынын жанынан өтүп баратсам, “сен ичип алгансың го, жүрсөң” – деп киргизип текшеришти, бирок кое беришти.
Мага жакпаганы, алардын жасаган мамилеси. Эгерде чын эле ичип алган болсом эмне болмок? Ага да штраф барбы?







