Эскертүү! Бала бакча социалдык бизнес, көп каражат түшпөйт.
Бала бакча ачаардан мурун буларды сөзсүз окуп чыгыңыз!
- Билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик стандарттардын укуктук статусу
- КРнын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты
Лицензия алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Лицензиялык экспертиза өткөрүү үчүн арыз (№1 форма);
- Бала бакчанын түзүмү жөнүндө жалпы маалымат, окуучулардын саны (№2 форма);
- Бала бакчанын материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымат, ижара келишиминин көчүрмөлөрү;
- Бала бакча китепкана жана окуу адабияттары менен камсыздалгандыгы жөнүндө маалымат (№4 форма);
- Бала бакча кадрлар менен камсыздалганы жөнүндө маалымат (№5 форма);
- Бала бакчанын жана уюштуруу документтеринин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Бала бакчанын уставынын көчүрмөсү;
- Лицензия алуу үчүн төлөнгөн дүмүрчөктүн көчүрмөсү.
Арыздын формаларын бул жерден жүктөп алыңыз.
1. Бала бакчанын уставын түзүү
- Бала бакчанын уставын түзөсүз;
- Уставды бекитүү үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук бөлүмүнө арыз жазасыз;
- Сизге 30 күндүн ичинде кат түрүндө жооп беришет;
- Катты юстиция органына өткөрүп бересиз.
2. Имарат издөө
- Бала бакчага ылайыктуу имарат издейсиз;
- Ижара келишимин түзөсүз.
Бөлмөлөрдүн көлөмү (бир балага) 3 чарчы метрден аз жана шыптардын бийиктиги 2,7 метрден төмөн болбошу керек.
3. Келишим түзүү
- Ижара мөөнөтү 3 жылдан кем эмес болууга тийиш;
- Келишим сөзсүз түрдө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек;
- Ижара келишиминин көчүрмөсүн уставга кошуп, юстиция органына өткөрүп бересиз.
4. Каттоо
- Бала бакчаны коммерциялык же коммерциялык эмес уюм катары каттайсыз.
5. Билим берүү планын жазуу
- Бала бакчанын билим берүү планын жазасыз (жылдык, календардык-тематикалык);
- Планды КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейин билим берүү башкармалыгына текшертесиз.
6. Документтерди топтоо
Колуңузда болушу керек:
- Юстиция органы берген юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ижара келишимин көчүрмөсү;
- Толтурулган анкеталар;
- Лицензия алуу үчүн төлөнгөн акынын дүмүрчөгү.
7. Документтерди тапшыруу
- Лицензия алуу үчүн документтерди КРнын билим берүү жана илим министрлигине тапшырып, жообун күтөсүз;
- Санитардык-эпидемиологиялык жана өрт инспекциясына каттоого турасыз;
- Кызматкерлерге санитардык китепче аласыз.
Куттуктайбыз!
Билим берүү министрлиги лизенция берүү чечимин кабыл алса, ишти баштайсыз.







