Саламатсызбы. Жигитим экөөбүздүн ортобузда интимдик мамиле жок, ошондуктан ал кыздарга бара турганын ачык айтты. Биз үлөнүү тоюнан кийин гана кошулабыз деп сүйлөшкөнбүз.
Мен андан сураган эмесмин, билгим да келген эмес. Ал болсо “мен сага калп айткым келбейт” дейт.
Психолог, айтыңызчы, сүйлөшкөн кызы бар бирок жыныстык катнашты башка кыздар менен курганы нормалдуу нерсеби? Ал мени сүйөбү? Кийин үйлөнгөндөн кийин да барганын токтотпосочу кандай болот?







