Аалымдар кеңешинин мүчөсү, теолог Кадыр Маликов орозо кармагандарга эмнеге уруксат берилип жана эмнеге тыюу салынарын айтып берди.
Бул иш-аракеттер орозону бузбайт:
- Оозу бек экенин унутуп калып ичип же жеп алса (бирок, орозо экенин эстегенде дароо токтотушу керек)
- Кулакка дары тамчылатуу (же жуунуп жаткан учурда кокустан кулактарга суу кирип кетсе)
- Көзгө тамчылатуучу дары же контакт линзалар
- Никотин пластырларын, кремдерди, дезодорант жана башка косметикалык каражаттарды же зайтун майын колдонуу
- Жубайлардын тийүүсү (прикосновение) же өбүүсү
- Негизсиз уруктун чыгышы же унутуп калып жыныстык катнашка баруу
- Мисфак же тиш паста колдонуу (жутуп алуу коркунучу жок болсо)
- Кан анализи жана хиджама, же кан алуунун кандайдыр бир ыкмасы
- Кордолгон абалда орозо кармап баштоо
- Инъекция, кан куюу, бөйрөктүн диализи же тамызгыч аркылуу кээ бир дары-дармектерди куюу
- Тишти дарылатуу же жулдуруу (дарыны жутуп алуу коркунучу жок болсо)
- Лапароскопия же башка хирургиялык кийлигишүү
- Кокусунан же атайлап кусуу (оозго бүт толтурбастан)
- Кокусунан кустуруучу массаларды ичип алуу
- Билбей түтүн же чаң жутуу
- Өзүнүн шилекейи менен какырыгын жутуу (тамакка түшүп кеткен болсо да)
- Жуунуу (суу мурунга же тамакка кирбеши керек)
- Аялдын интимдүү органдарына дары киргизүү же гинекологго көрүнүү (мисалы, уяттуу органдардын башкаларын да изилдөө)
- Ушак же жалган.
Бул иш-аракеттер орозону бузат:
- Билип туруп тамактануу же суу ичүү
- Атайлап тиш пастаны же ооз чайкоочу суюктукту жутуу
- Тиштердин арасында калып калган тамак-ашты атайлап жеп коюу (өлчөмү бир нокоттой болсо да)
- Назалдык тамчылатмаларды колдонуу (мурунга дары тамчылатуу)
- Ооз аркылуу ар кандай дары кабыл алуу
- Медициналык ингаляторлорду пайдалануу
- Түтүндү билип туруп жутуу (мисалы, тамекиникин)
- Күндүзү билип туруп жыныстык катнашка баруу
- Эндоскопиялык текшерилүүдөн өтүү (анткени, ооз же көтөн чучук аркылуу киргизилген зондко дары сүйкөлөт).
- Көтөн чучук аркылуу кээ бир заттарды киргизүү (мисалы, клизма).
Эскертүү: Орозо күнү атайлап жеп-ичүү жана жыныстык катнашка баруу каффарды (60 күн бою үзгүлтүксүз орозо кармоо) талап кылат.







