Оргазм – сексуалдык дүүлүгүнүн туу чокусу. Бул физикалык жана эмоциялык ырахат тартуулаган күчтүү сезим.
КММА медициналык борборунун дарыгери, сексолог, психотерпевт Илья Комаровер оргазм тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
- Оргазм учурунда организмден бөлүнүп чыккан көптөгөн гормондордун жана химиялык заттардын ден соолук үчүн пайдасы зор.
- Оргазмды ар дайым алуу мүмкүн эмес. Бул үчүн жыныстык катнаш алдында өнөктөштөр бири-бирин сылап-сыйпашы керек. Мындайча айтканда, сүйүү — сексуалдык оюн – жыныстык катнаш – оргазм (тилекке каршы дайым эмес).
- Эгер адам сексуалдык өнөктөшүн каалабаса оргазм алалбайт.
- Орточо эсеп менен эркектердин оргазмы 10-30 секундка созулат.
- Оргазмды жыныстык катнашка барбай туруп деле алса болот. Мисалы, мастурбация.
- Оргазм алып жаткан учурда көз жумук болот.
- Адатта аялдардын оргазмы эркектерге караганда узагыраак созулат, орто эсеп менен 13-51 секундка.
- Көп жыл жашаган өнөктөштөрдө көнүп калуудан же монтондук жашоодон улам оргазм алуу кыйындашы мүмкүн. Бул учурда төшөк оюнун жандантуу үчүн фантазияны ойготуу зарыл.
Комаровер Илья Нухимович, психотерапевт, сексолог
Кабылдама: 0 (312) 565 008
Дареги: Бишкек шаары, КММА медициналык борбору, Тыныстанов көчөсү, 1.







